Ошанин Василий Федорович

Ошанин Василий Федорович (1844 – 1917) белгилүү орус биолог - энтомологу, географ жана саякатчысы, Орто Азияны изилдөөчү катары таанылган окумуштуу. В.Ф.Ошанин 1844-ж. 21-декабрда Липецк губерниясынын Политовка айылында туулган. Алгачкы билимди үй шартында алып, кийин Рязань гимназиясынан билимин уланткан. 1861-ж. Москва университинин табигый билимдер жана тарых факультетине кирип, 1865-ж. илимдин кандидат даражасы менен аяктаган. Книверситеттеги мезгилде А.Ф.Федченко менен таанышып, эң алгачкы жаратылышты таануу, археология менен этнография ийримдерин ачышкан. 1869-ж. чет мамлекеттерге кызмат иштери менен барып, Лейкарттагы лабораторияда, Конкарнодогу станцияда, Неапольдогу зоологиялык станцияда иштеген. Москвадагы 5-гимназияда жана жетимдер үйүндө мугалимдик кесипти аркалаган. 1872-ж. Мамлекеттик мүлк министрлигинин тапшырмасы менен жибекчиликти үйрөнүү максатында чет өлкөлөрдү кыдырган. Ушул эле жылы Ташкенттеги Туркестан жибекчилик мектебинин директору, 1883-ж. бул мектеп жабылган соң Туркестан семинариясында табигый так илимдер сабагынан дарс окуган, Ташкенттеги аялдар гимназиясынын директору болуп иштеген. 1876-ж. генерал М.Д.Скобелевдин Алайга болгон жортуулунда натуралисттик кызматты аткарган экен. Алайдын Терсагар ашуусу аркылуу өтүп Муксу дарыясына чейин жетет. Мурда бул ашууну студенттик досу А.П.Федченко басып өтө алган эмес экен. Пётр 1 ашуусун ачкан бул экспедиция бийиктиктердин бирине А.П.Федченконун ысмын ыйгарышкан экен. 1878-ж. ал Самарканддан Шахрисябз, Гиссар, Каратегин жана Алайга барган илимий экспедицияны жетектеген. Бул аткарылган экспедиция үчүн В.Ф.Ошанин Императордун алтын медалына татыктуу болгон. 1881-ж. чегирткелерден азап тарткан Ташкент, Хожент жана Жизак уезддерине барган. 1884-ж. Самарканд жана Пенджикентке, 1886-ж. Чырчык дарыясынын бассейниндеги тоолорго, 1887-ж. Верный жана Каракалага жер титирөөнүн жыйынтыктарын изилдөө үчүн саякат жүргүзгөн. Андан кийин Ташкенттеги аялдар гимназиясынын директору болуп эмгектенген. Ал Орто Азияда 1906-ж. иштеген. 1917-ж. 25-январында Петроградда дүйнөдөн кайтат.

Эмгектери: түзөтүү

  • Ошанин В.Ф. Зоогеографический характер фауны полужесткокрылых Туркестана. (СПб., 1891)
  • "Материалы для энтомологии губерний Московского учебного окр. Полужесткокрылые" ("Изв. Имп. Общ. Люб. Ест., Антропологии и Этнотр.", VI, 1870, вып. 3).
  • Ошанин В.Ф. Зоогеографический характер фауны полужесткокрылых Туркестана. — Санкт-Петербург: 1891.
  • Калинин Г. Фортамбек и его вершины. Ташкент, 1983, 100 c.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015