"Ош жаңырыгы" гезити – Ош облустук коомдук-саясий гезит. 1938-жылдын 14-октябрында негизделген. Анын эң алгачкы саны "Кыргызстан большевиги" деген ат менен латын арибинде жарык көргөн. Ачылгандан эки жылдан кийин т.а. 1940-жылдан Советтер союзу тараган 1991-жылга чейин гезит "Ленин жолу" деп аталып келген. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин аты "Ош жаңырыгы" деп өзгөртүлгөн.

“Ош жаңырыгы”
Түрү

Жалпы маалымат


Башкы редактору

Асанбек Каракозуев

Негизделгени

1938-жыл

Мезгилдүүлүгү

Жумалык


Сайты: oj.kg

Гезиттин биринчи редактору Төлөгөн Жумабеков болгон. 85 жылдан ашык тарыхы бар редакцияны учурда Асанбек Каракозуев жетектеп келүүдө.

Гезиттин тарыхы түзөтүү

1938-жылы Кыргыз ССРинин Ош округу түзүлөт. Ага катар округдук гезиттерди уюштуруу жөнүндө тиешелүү партиялык документтер кабыл алынат. Гезиттин биринчи саны Кыргызстан коммунисттик (большевиктер) партиясынын Ош округдук комитетинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин округдук аткаруу комитетинин жана Кыргызстан КП (б)нын Ош шаардык комитетинин органы катары 1938-жылы 14-октябрында «Кыргызстан большевиги» деген ат менен жарыкка чыккан. Ал эми 1940-жылы анын аталышы өзгөртүлүп, «Ленин жолу» деп аталып калат. Союз мезгилиндеги «Ленин жолу» аталышы 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин «Ош жаңырыгы» деп өзгөргөн.

Гезит биринчи уюшулганда 3 миң нуска менен басылып чыккан, кийин бул көрсөткүч 80-90 миң нускага чейин жеткен.

«Кыргызстан большевиги» деген аталышта жарык көргөн гезитте кадр жетишсиздигинен улам 9 адам иштеген. Болбосо, 13 кызматкерге атайын штат бөлүнгөн.

Гезиттин биринчи санында Кызыл-Кыядагы «Жал», Сүлүктүдөгү № 4 шахтанын забойчуларынын жана Ош шаарындагы жибек комбинатынын стахановчуларынын жигердүү иштери тууралуу макалалар жарыяланган.

Тун редактор маркум Төлөгөн Жумабеков пахта терүүнүн алдыңкылары, коомдук малды өстүрүүнүн күжүрмөндөрү, машина-трактор станцияларынын мыкты механизаторлору, тажрыйбалуу мугалимдер, партиялык жана комсомолдук уюмдардын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү макалаларды даярдатып, гезит бетине чыгартып турган.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 5-майындагы Жарлыгы менен гезит Ардак грамота менен сыйланган. Ошондой эле эмгекчилерди агартуудагы көп кырдуу иштери үчүн жана гезиттин 10 миңинчи санынын чыгышына байланыштуу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен экинчи жолу сыйланган.

Облустун социалдык турмушун, социалисттик мелдештин жүрүшүн, эмгекчилердин мамлекеттик планды, социалисттик милдеттенмелерди ийгиликтүү жана так аткарганын чагылдырып, ал жумушка активдүү катышкандыгы үчүн деп СССР жана Кыргыз ССР журналисттер союздарынын Дипломдору, Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. Ал эми 1978-жылы «Ленин жолу» гезити СССР эл чарба көргөзмөсүнө (ВДНХ) коюлуп, II даражадагы Диплом менен сыйланган.

Башкы редакторлор: түзөтүү

Төлөгөн Жумабаев (1938-ж), Чекир Базаров (1952-ж), Жанибек Тыныбеков (1952-ж.), М.Курманалиев (1954-ж), Ж.Тыныбеков (1955-ж.), Ж.Ажибаев (1956-1959-ж.ж.), А.Ахмадалиев (1959-ж.), К.Жунусбаев (1959-1960-ж.ж.), Мирзали Аматов (1960-1963-ж.ж.), Артыкбай Ажыбеков (1963-ж.), Асылкан Бөрүбаев (1963-1970-ж.ж.,1970-1985-ж.ж.), Бегали Исмаилов (1985-1986-ж.ж.), Шайлообай Мойдинов (1987-1991-ж.ж.), Жапаркул Ташиев (1991-1993-ж.ж., 2006-2010-ж.ж.), Абибилла Пазылов (1993-1994-ж.ж.,1996-1999-ж.ж.), Аскарбек Сыдыков (1995-1996-ж.ж.), Мамырайым Дубанаев (1999-2005-ж.ж.), Абдувахап Монуев (2005-2006-ж.), Алишер Токсонбаев (2005-ж.), Гүлжамал Жороева (2010-ж.), Талантбек Моңолбаев (1994-ж., 2010-2013-ж.ж.). Маматазим Осмонов (2013-2023-ж.ж.) Асанбек Каракозуев (2023-жылдан бери)...

Колдонулган адабияттар: түзөтүү