Ош кыргыз академиялык драма театры

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-ж. мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун демилгеси жана түздөн-түз аракети менен Ош шаарында уюшулган. Труппанын негизин Москвадагы А. Луначарский атындагы ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү (көркөм жетекчиси И. М. Раевский) түзгөн. Театрдын биринчи башкы реж. А. Дыйканбаев. Театрдын сахнасын 1972-ж. 4-ноябрда А. Токомбаевдин «Күндүн чыгышы» (реж. А. Дыйканбаев) аттуу тарыхый драмасы менен ачкан. Алгачкы репертуарына М. Горькийдин «Акыркылар», Ж. Мольердин «Дворянчылыктагы мещанин», К. Симоновдун «Биздин шаардык жигит», А. Чеховдун «Ак чардак», А. Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусу» аттуу (ГИТИСте даярдалган) спектаклдери кирген. Театрда коюлган Б. Өмүралиевдин «Жаңырык», К. Жантөшевдин «Курманбек», Т. Абдумомуновдун «Эч кимге айтпа», Ч. Айтматовдун (И. Рыскулов сахналаштырган) «Ак кеме», Б. Жакиевдин «Эртең жаңы жыл», М. Горькийдин «Түпкүрдө», У. Шекспирдин «Он экинчи түн» ж.б. спектаклдери менен коллектив 1974-77-ж. Фрунзеде, 1978-ж. Москва шаарында отчёттук гастролдо болгон. А. Баранганын «Коомдук пикир» (1973, реж. А. Дыйканбаев), М. Гапаровдун «Кадыр түн» (1976, реж. И. Рыскулов) спектаклдери Бүткүл союздук кароолордун байгелерине ээ болгон. Театрда А. Абдыкалыков, М. Алышбаев, Д. Байтөбөтов, Г. Каныметова, Н. Мамбетова, К. Тагаев, Т. Аманов, Р. Абдыбачаева, Ж. Сыдыкбаева, Т. Сатаров, Ж. Сейдакматова, ШААРЫ Дүйшөнкулов, Ш. Супатаева, Р. Асанов, Т. Бообекова, А. Тажиев, П. Сейитмурзаева, А. Назаркулова ж. б. артисттер иштеген.

Театр улуу муундагы  ишмерлеринин баа жеткис эмгеги менен Ош театры Борбордук Азияда да өзүнүн чыгармачылык жүзү жана мектеби бар профессионал театр катары таанылды. Москва, Тбилиси, Ашхабад, Кузнецк, Алматы, Кония, Казань, Андижан шаарларында өткөн эл аралык фестивалдарда катышып, ийгиликтерге жетишкен. 50 жылдын ичинде 150дөн ашуун чет элдик, орус жана коңшулаш боордош элдердин драматургдарынын, классиктердин чыгармалары көрүүчүлөргө тартууланды.

Улуу муун өткөрүп кеткен эстафета 50 жыл ичинде үзүлбөстөн уланууда. Ар бир мезгилдин өзүнүн таланттары болот. Кийинки он жылдыктарда көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган, таланты менен таанылган жана театрдын даңазасын арттырган ишмерлер чыкты. Театрдын таланттуу, ынтымактуу жамаатынын ичинде  2 Кыргыз Эл артисти,  1 Эл жазуучусу, КРнын эмгек сиңирген 5 артисти, КРнын маданиятына эмгек сиңирген 3 ишмери эмгектенет.

1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган.

2007-жылдын 2-июлунда КРдин Президенттин Жарлыгы менен С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрына «Улуттук» деген макам берилген.

адабияттар түзөтүү