Ош облустук филармониясы

Ош облустук Рыспай  Абдыкадыров атындагы филармониясы - 1987-жылы түптөлгөн. Алгачкы бет ачар концерти 1988-жылдын 18-майында өткөн. Биринчи филармониянын коллективи «Абат-жергем» фольклордук, «Байге» эстрадалык тобу, «Бекарстан» Эл аспаптар оркестринен турган. 1995-жылы таланттуу обончу-ырчы Рыспай Абдыкадыровдун ысымы ыйгарылган. 1997-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн буйругу менен филармонияга «Космос» кинотеатрынын имараты берилген. Туңгуч директору Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти Т. Эшпаев болгон. 1992-2000-жылдар аралыгында А. Садыков, А. Байтороев, Р. Сатыбалдиев, Б.Тургунбаевтер жетектеп 2000-жылдан 2023-жылга  чейин филармонияны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Г. Садыбакасова  жетектеп келген. 2023-жылдан тартып А.Тоотаев  жетектеп келет. Филармонияда залкар комузчу, Кыргыз Peспубликасынын эл артисти Б. Мадазимов, акындар: Т. Жунусов, Б. Султанов, обончулар: Ж. Мамажанов, А. Качыров, И. Жунусов, А. Темиров, куудулдар: Ж. Алыкулов, М. Бердибеков, Ж. Кайчиев, А. Иманкулов эмгектенип кетишкен. Учурда: КР Эл артисти Ж.Алыбаев, КР эмгек сиңирген артисти А.Төрөбеков, КР эмгек сиңирген артисти Б. Тургунбаев жана башка таланттар эмгектенет. Бүгүнкү күндө 150 дөй адам жумуш кылат. “Т.Эшбаев“ атындагы фольклордук тобу, Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, “Ж.Алыбаев” атындагы фольклор тобу, “Аалам” этно-фольклор тобу “Адеми” бийчилер тобу, куудул-аскиячылар тобу эмгектенет.