Ош солдат депутаттар совети

ОШ СОЛДАТ ДЕПУТАТТАР СОВЕТИ – 1917-жылы 14-мартта гарнизондук солдаттар тарабынан түзүлгөн революциячыл бийлик органы. 1918-жылдын 17-январына чейин Ош советинде солчул эсерлер менен меньшевиктер саны жагынан басымдуулук кылып келген жана 1917-жылы 10-июлдагы чогулушунда Убактылуу өкмөткө ишеним көрсөтүү жана большевиктерге каршы күрөштү жайылтуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Эсерлер, меньшевиктер жетекчилик кылып, аракеттеги армияга солдаттарды мобилизациялоого ар тараптан жардам берип, эркиндик «заёмун» таратууга катышкан. 1918-жылы 5-январдан «Ош жумушчу жана мусулман депутаттар совети» аталган. 1918-жылы 15-январдан «Ош уезддик Совети» түзүлүп, большевиктештирилген жана пролетариат диктатурасынын жергиликтүү органына айланган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.