Пабло Гави (футболчу)
Пабло Мартин Паес Гавира ( исп. Pablo Martín Páez Gavira,ˈpa.βlo maɾˈtim ˈpa.eθ ɣaˈβiɾa}} ; 5-август, 2004-жыл, Лос-Паласиос и Вильяфранка, Испания ), Гави ( исп. Gaviˈɡaβi|pron}} ) — испаниялык футболчу, Барселона клубунун жана Испания курама командасынын жарым коргоочусу . Өз теңдештеринин арасында эң таланттуу оюнчулардын бири катары эсептелинет . 2022-жылы болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу. 2022/23 УЕФА Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү.
Пабло Гави (футболчу) | ||
Жалпы маалымат | ||
Толук аты-жөнү | Пабло Мартин Паэс Гавира | |
Төрөлгөн датасы | 5-август 2004-жыл (20 жаш ) | |
Жарандыгы | Испания | |
Бою | 170 см см | |
Позициясы | Борбордук жарым коргоочу | |
Команда тууралуу маалымат | ||
Команда | "Барселона " | |
Номуру | 6 | |
Карьерасы | ||
Оюнчулар арасындагы экинчи эң жаш оюнчу, ошондой эле Испания курама командасынын тарыхындагы эң жаш гол киргизген экинчи оюнчу [1] [2] ."Барселона" академиясынын бүтүрүүчүсү ,бул клуб менен бирге Испаниянын чемпиону жана Испания Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон.
11 жашында" Барселона" академиясына кошулуп, 2021-жылдын августунда негизги командада дебют жасаган.</img> .
Испания курама командасында дебютун 2021-жылдын октябрында жасаган</img> . Ошол эле жылы ал УЕФАнын Улуттар Лигасынын 2020/21 [3] күмүш медалынын ээси болгон. Эки жылдан кийин Гави 2022/23-жылкы Улуттар Лигасынын финалында Хорватияны утуп, улуттук курама команда менен биринчи кубогуна ээ болгон.
Клубдук карьерасы
түзөтүүБашталгыч карьера
Гави Лос -Паласьос -и-Вильяфранка шаарында төрөлүп ,ушул эле жердеги "Лиара Баломпье "клубунда футбол менен алектене баштаган .А 2013-жылы "Реал Бетис "академиясына өткөн ."Реал Бетис " жаштар клубунда 96 гол киргизип ,Испаниянын белгилүү клубдарыны көңүлүн бурган ,алсак "Реал Мадрид ","Атлетико Мадрид ","Вильерреал"клубдары келшим түзүүнү каалашкан.
"Барселона"
2015-жылы 11 жашында Гави "Барселона " менен келишим түзөт .
2020- жылдын сентябрынла ал каталондук клуб менен биринчи кесиптик контрактын түзүп ,19 жашка чейинки командага кошулат .
"Барселона " жаштар клубундагы мыкты оюндарынан кийин негизги команданын башкы тренери Рональд Куман аны 2021-2022-ж сезондорунун сезон алдындагы курамына кошот .
2020-2021- ж.сезондо "Барселона B"курамында 2 матч ойногон соң ,Гави негизги курам менен достук оюндарына катышат ."Химнастика " жана " Жирон "командалары менен болгон оюнду жеңиш менен аяктаган соң жарым коргоочуну клубдун легендасы Хави менен салыштыра башташат .
2021/2022 сезон
2021-жылдын 29-августунда Гави Испания чемпиондугунда "Хетафеге " каршы оюндун 3- турунда алмашууга чыгып ,алгачкы дебютун жасайт .
Ушул эле жылдын 14-сентябрында чемпиондор лигасында "Баварияга "каршы оюндун 59-минутунда алмашууга чыгып ,дебют жасайт .
2021-жылы 18- декабрда Испания чемпионатында "Эльчеге" каршы оюнда "Барселона " үчүн алгачкы голун киргизет .
2022/2023- ж сезон
түзөтүү2023-жылдын 15-январынла Испания суперкубогунун
финалындагы "Реал Мадрид "менен болгон оюнда Гави гол киргизип ,2 голдун ассистенти болот да ,"Барселено"трофея ээси болуп ,Пабло матчтын эң мыкты оюнчусу деп табылат .
2023-жылдын 20-июнунда "Барселена" Гавини Ла Лиганын негизиги курамынын оюнчусу катары каттоого киргизип ,2026- жылга чейин контракт түзүшөт
2023/2024-ж сезон
түзөтүү2023-жылдын 3- сентябрында Гави "Барселонанын" курамындагы 100 матчын ойноп ,клубдун тарыхындагы бул деңгээлге жеткен эң жаш оюнчу аталаи .2023-жылдын 19-сентябрында УЕФА нын лига чемпиондугунда "Антверпенге "каршы оюнда алгаякы голун киргизет .
- ↑ SidLowe How 17-year-old Gavi became Spain's present and future (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). ESPN (8 October 2021).
- ↑ Gavi becomes youngest ever goalscorer for Spanish national side (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Официальный сайт ФК «Барселона» (5 June 2022).
- ↑ Spain vs France – Football Match Report (англ.). ESPN (10 October 2021).