Пагода (кытайча бао-та – асыл буюм мунарасы дегенден) – Ы. Чыгыш өлкөлөрүндөгү буддалык сыйынуу курулуштарынын бири. П-да “кереметтүү” дин буюмдары сакталып, дин расмилери өткөрүлөт. Ал төрт чарчы, 6, 8, 12 бурчтуу павильон же мунара түрүндө жыгач, кыш, таш, темир материалдардан курулат. П-лык имараттар биздин замандын I кылымда Кытайда пайда болуп, Вьетнам, Корея, Япония өлкөлөрүнө тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү