Палеогеография (палео... жана география) – Жердин географиялык кабыгынын өнүгүү закон ченемдүүлүгү, табият менен адамзаттын ортосундагы өз ара байланыштын тарыхы жана Жердин өткөн геологиялык мезгилдердеги физикалык-географиялык шарттары жөнүндөгү илим. Ал жалпы физикалык географиянын бөлүгү катары жер кыртышынын же жалпы эле Жердин тарыхый өнүгүшү жөнүндө түшүнүк берип, тарыхый геологиянын жана өткөн мезгилдин физикалык-географиялык абалын изилдейт (учурдагы Жердин табиятын түшүнүү жана келечектеги өнүгүүсүн алдын ала божомолдоо үчүн). Палеогеографиянын методу тоо тектердин заттык курамын жана жайгашуу шартын изилдөөгө, бир мезгилде пайда болгон тоо тек катмарларын фациялык жактан талдап чыгууга, ошондойэле андагы органикалык калдыктардын палеоэкологиясын изилдөөгө негизделет. Палеогеографиянын негизи катары Палеогеографиялык жана литология-фациялык карталар алынат. Палеогеография палеоэкологияны, палеобиогеографияны, палеоклиматологияны, ошондой эле терригенминералогия, геохимия, палеотектоника, палеогидрогеология, палеогеоморфология, палеовулканология жана палеомагнитология ж. б. багыттарды бириктирет. Палеогеография 19-кылымдын ортосунда пайда болуп, англисче геолог Ч. Лайелдин, орус геологдору А. П. Карпинский, А. Д. Архангельский ж. б. илимпоздордун эмгектеринде негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү