Палеография (лингвистика)

Палеография (лингвистика) (грек. palaios - байыркы жана grapho - жазам) - жазуу бел-гилеринин жаралышын жана алардын өнүгүшүн изилдеген тарыхый-филологиялык илим.

Теориялык Палеография жазуунун тарыхый өнүгүү-өзгөрүү өзгөчөлүктөрүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн аныктайт, жазуулардын жазылган мезгилин жана ордун, аларды жазган адамдарды аныктоо максатында кол жазмалардын жекече өзгөчөлүктөрүн практикалык жана сыпаттама жагынан иликтейт.

Палеографиянын негизги милдети жазылган тексттин өзүндө датасы же жери жөнүндө тике же кыйыр маалыматтар болбогон колжазмалардын мезгилдик жана аймактык тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн, алардын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн жана хронологиялык системасын аныктоо болуп саналат.

Палеографияжазууларды, жазуу белгилерин, тамгаларды жана аларды түзүп турган элементтерди, ошондой эле саптын, үстүндөгү белгилерди, ажыратуучу белгилерди, кыскартып жазуунун ыктарын ж.б. иликтейт. Ошондой эле жазуунун материалдары, куралдары, алардын мезгилдин өтүшү менен өзгөргөнүн же алмаштырылганын да изилдөө Палеография объектисине кирет. Өсүмдүктөрдүн (пальма жалбырагы, папирус, лотос) жалбырактарына, сөңгөктөрүнө, кабыктарга жана жазуу үчүн атайын иштетилген терилерде-пергаментте жазылган жазуулардын, тексттердин даталарын аныктоодо палеографиянын өзүнүн изилдөө методдору өзгөчө мааниге ээ болот.

Палеография, негизинен, тарыхый тил илиминин, тарыхтын, адабият таануунун, искусство таануунун суроо-талаптарын канагаттандырат. Ошол эле учурда башка гуманитардык, атүгүл, так илимдердин да айрым талаптарына кызмат кылат.

Палеографлингвисттер жазуулардын жазылган мезгилин жана ордун гана аныктоо менен чектелбестен, аларды жазган же жазууга катышкан адамдардын жазуу өзгөчөлүктөрүн, тилдик айырмаларын, ошондой эле текстологиялык изилдөө аркылуу изилденип жаткан текст автордун өзү тарабынан жазылганбы же көчүрүп жазылганбы деген маселелерди да карайт. 20-кылымда Палеографияизилдөө иштеринде так илимдердин да маалыматтарын колдоно баштады. Мис., химияны - жазылган сыяны же боекту анализдөө үчүн, физиканы - өң-түстү ажыратуу аркылуу өчүп калган, жуулган же тунарыктаган жазууларды тактоо үчүн колдонот.

Изилдөөгө алынып жаткан алфавиттерге жараша Палеография грек, латын, славян, армян, грузин, инди, араб, кытай, түрк Палеографисы ж.б. болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4