Палеоэкология – палеонтологиянын геологиялык байыркы (өткөн) мезгилде жашаган организмдер менен аларды курчаган чөйрөнүн карым-катнашын изилдеген бөлүгү. Ал Жердин геологиялык тарыхый өөрчүү процессинде тукум курут болгон организмдердин тиричилик жана байырлоо шартын изилдейт. Палеоэкологиянын негиздөөчүсү – орус окумуштуусу В. О. Ковалевский. Байыркы организмдерди жана алардын тарыхый өнүгүшүн изилдөөдө алгач актуализм методу, 19-кылымдын аягынан тарта палеогеографиялык изилдөөлөрдө Палеоэкологиялык ыкма кенири колдонулган. Негизги методу морфологиялык-функциялык анализ. Ал сөөк (екелет) калдыктарын изилдөөнүн негизинде тукум курут болуп кеткен жаныбарлардын, организмдердин жашоо шартын түзгөнгө мүмкүндүк берген. Ошондуктан Палеоэкологиянын изилдөө объектилери болуп, организм калдыктары (сөөктөрү), алар калтырган кандай тиричилик өткөзгөнүн тастыктаган издер жана тоо тектер (ташка айланган организм калдыгы) эсептелет. Too тектердин заттык, структуралык, текстуралык жана геохимиялык мүнөздөмөлөрү байыркы организмдердин жашоо шартын жана өлүп жок болушун мүнөздөгөнгө мүмкүндүк берет. Палеоэкология литология, палеогеография, палеонтология ж. б. илим багыттары менен байланышкан. Палеоэкологиянын өрчүшүнө А. П. Карпинский, А. Иностранцев, Н. И. Андрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов ж. б. окумуштуулар зор салым кошушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү