ПалестинаЖакынкы Чыгыштагы тарыхый аймак.

Палестинанын картасы.

Тарыхы

түзөтүү

Б. з. ч. 3-миң жылдыкта Палестинанын азыркы аймагында байыркы Ханаан цивилизациясы пайда болгон. Б. з. ч. 12-кылымда Палестинанын жээктерин филистимликтер, калган аймактарын иудей уруулары каратып, Израиль-Иудей падышалыгын негиздеген. Иудейлердин мамлекети кулаган сон, Палестинаны Ахемениддер мамлекети басып алган, кийин Птолемейлердин, Селевкиддердин мамлекеттеринин курамына кирген. Б. з. ч. 63-ж. Рим, 395-ж. Византия, б. з. 7-кылымында арабдар, 11-кылымда кресттүүлөр басып алган. 1516-ж. Оттоман империясына баш ийген. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Палестина Улуу Британиянын протекторатына айланган. 1947-ж. 29-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы Палестинадагы Улуу Британиянын мандатын токтотуу, аскерлерин Палестинадан чыгаруу жана Палестина аймагына көз карандысыз эки мамлекет (араб жана еврей мамлекеттерин) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок, Араб-Израиль согушунда (1948–49) Араб мамлекетине берилүүчү аймактарды, Иерусалимди жана Египетти Израиль ээлеп алган (1967). БУУнун Генералдык Ассамблеясы 1974-ж. 22-ноябрда Палестинадагы арабдардын улуттук көз карандысыздыкка жана эгемендүүлүккө укуктуулугун ырастаган. 1979-ж. АКШнын катышуусу менен түзүлгөн Египет-Израиль сепараттык келишиминде Палестина араб элинин мүдөөсү четке кагылды. 1987-жылдан бери басып алынган аймактардагы арабдар көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү аракетинде. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБУ) башында турган Палестинанын улуттук кеңешинин 1988-ж. 15-ноябрда Алжирде өткөн сессиясында Палестинанын көз карандысыздыгы жарыяланган. ПБУ менен Израилдин Ослодогу (1993) макулдашуусунун натыйжасында, 1994-ж. Убактылуу Палестина автономиясы, 1996-ж. Палестина улуттук администрациясы түзүлүп, башчысына алгач Я. Арафат шайланган. 2004-жылдан М. Аббас. М. Аббас 2013-ж. 5-январда Палестина улуттук администрациясынын ордуна расмий түрдө Палестина Мамлекети аталышты колдонуу тууралуу жарлык чыгарган. Израиль, Испания, Норвегия, АКШ, Швеция ж. б. мамлекеттер бул чечимди тааныган эмес. Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдө ПБУнун дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Палестина мамлекетинин элчилиги деген аталыш менен иш алып барат. 2014-ж. Бишкекте Палестина мамлекетинин элчилиги ачылды. Ички чыр-чатактан Палестинанын аймагы 2 анклавга бөлүнүп, бири-бири менен пикири келишпеген 2 уюм – ХАМАС Газа секторуна (аянты 360 км2, калкынын саны 1,6 млн), ФАТХтын жактоочулары Иордания дарыясынын батыш жээгине (аянты 5,64 км2, калкы 2,5 млн, 2010) көзөмөл жүргүзүп, өз өкмөттөрүн уюштурган. 2014-ж. июлда ХАМАС менен Израилдин ортосунда кайрадан согуш аракеттери жүргөн. Бүгүнкү күнгө чейин Палестина мамлекети толук түзүлө элек жана эгемендүү эмес. Мамлекеттик структуралардын айрымдары гана түзүлгөн. Мисалы, полициясы бар, армиясы жок, жарым-жартылай аскерлештирилген уюмдардын активдүүлүгү жогору. Палестинанын аймагын БУУ Израиль басып алган жер катары карайт. Себеби, Палестинага таандык Чыгыш Иерусалимди Израиль өзүнө кошуп алып, Иорданиянын батыш жээгинин басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Египет менен Газа секторунун чек арасынан башка чек араны бүт Израилдин армиясы көзөмөлдөйт. Ошол эле, учурда Газа секторунун деңизге чыгуусун да чектейт. Палестина БУУнун мүчөсү эмес, бирок 2012-ж. 29-ноябрында БУУдагы байкоочу өлкө статусун алган. Калкынын 98%тейин палестиналык арабдар – мусулман-сүннөттөр, калганын христиандар түзөт. Расмий тили – араб тили. ПУАнын башкаруусундагы аймактын экономикасы чет өлкөлөрдүн финансылык жардамына көз каранды. Израиль тарабынан көзөмөлдөнөт. Акча бирдиги – израиль жаңы шекели. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 12,79 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 2,9 миң доллардан туура келет. Калкынын 2/3 бөлүгү жакырчылыкта жашайт. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүигү (% менен) 81, өнөр ж-дыкы 14, айыл-чарбаныкы 5. 2007-ж. 500 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Түрдүү кустардык ишканалар иштейт, зайтун дарагы, цитрус өсүмдүктөрү, жер-жемиш ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы бар. Автомобиль жолунун узундугу 5,15 миң км (2006).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү