ПаликирМикронезия Федерация Штатынын борбору. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, жанар тоонун аракетинен пайда болгон Понпеи аралында жайгашып, айланта шуру (коралл) рифтери менен курчалган. Климаты экватордук. Температурасы жыл бою 27°Сдин айланасында. Жылдык жаан-чачыны 3000-4000 мм (жылдын 300 күнү жамгырлуу). 1989-жылдан шаар статусуна ээ. Ага чейин өлкөнүн борбору Колониа шаары болгон. Калкы 7,5 миң (2010). Паликирдан 8 км алыстыкта жайгашкан Колониа шаарында эл аралык аэропорт, бир нече мейманкана, ресторан бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү