Пальмира атоллуОкеанияда жайгашкан. АКШнын ээлиги. Аянты 11,9 км2. Гавайи аралынын түштүгүндөгү Лайн аралынын тобунда. Климаты экватордук, ысык. Жылдык жаан-чачыны 4445 мм. Орточо температурасы 30°С.

Пальмира атоллу.

Атоллду алгач 1798-ж. америкалыктар тапкан, бирок алар 1802-ж. 7-ноябрда келишкен. Атолл 1862-ж. Гавайи королдугу, 1889-ж. Улуу Британия тарабынан аннекцияланган. 1898-ж. АКШга, 2-дүйнөлүк согуштан кийин жеке менчикке өткөн. 1959-жылдан кайрадан АКШга карайт. Учурда аралда 20га жакын киши бар. Атоллдогу эң ири аралчага самолёт конот. Катуу толкунда ушул атоллду баш-паанек кылган америкалык «Пальмира» кемесинин атынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү