Панай
Панай (Рапау) - Филиппин архипелагындагы арал. Аянты 11,5 миң км2. Калкы 2,3 млн (1975). Тоолуу, эң бийик жери 2117 м. Саванна жана муссондуу тропик токою мүнөздүү. Шалы, бал камыш, жүгөрү, кокос пальмасы өстүрүлөт. Балык кармалат. Негизги шаарлары: Илоил, Рохас.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9