Панама шаарыПанама Республикасынын борбору. Панама булуңунун жээгинде жайгашкан. Климаты тропиктик. Жылдык жаан-чачыны 1750 мм (май-декабрь) жана жылдык орточо температурасы 23°Стан 28°Ска чейин. Панамерика жолунда. Тынч океандан Панама каналына кире бериштеги ири порт. Калкы 440 миң (2011; агломерациясы менен 1,3 млн); негизинен калкы Панама каналы аркылуу өткөн кемелерди тейлейт. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, текстиль, электроника, электр-техникалык, цемент өнөр-жай ишканалары иштейт. Эки университет, улуттук музей, китепкана, консерватория, театрлар бар. Испандар тарабынан 1519-ж. негизделген. 1990-ж. Панамада саясий кырдаал турукташкандан экономикалык жактан өнүгүү башталды. 17–18-кылымдарга таандык соборлор жана чиркөөлөр, Эски Панамада (каракчылар тарабынан 1671-ж. өрттөлгөн) 16–17-кылымдардын курулуштары сакталган. Шаар туристтерди анча кызыктырбаганы менен дүйнөдөгү белгилүү энтомологдор (миңдеген көпөлөктөрдүн сейрек кездешкен түрүн изилдөө үчүн) жыл сайын келип турушат. Шаар бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Панама.

Колдонулган адабияттар түзөтүү