Пангерманизм – Германия буржуазиясы менен юнкерлеринин агрессиячыл мүдөөсүн чагылдырган саясий доктрина. Пангерманизм 19-кылымдын 80-жылдарынын башында Австрия-Венгрияда пайда болуп, 19-кылымдын аягында биротоло калыптанган. Пангерманизм идеясын Пангерман союзу тараткан. Аны жактоочулар Польша, Украина, Беларуссия менен Балтика боюндагы жерлерди каратып, бүткүл дүйнөгө герман империализминин үстөмдүгүн орнотуу саясатын жактаган жана өлкөнү куралдандырууга көмөк көрсөткөн. Пангерманизм идеясын кийин герман фашизми туу кылып көтөргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү