Панжабдар, пенжабдар - Пенжаб (Пакистандагы Пенжаб провинциясы жана Индиядагы Пенжаб жана Харьяна штаттарындагы аймактар) облусунун негизги калкы. Жалпы саны 110-120 млн киши (2011). Пакистан, Индия, Улуу Британия, Канада, ОАЭ, АКШ, Сауд Арабиясы, Гонконг, Малайзия, TAP, Мьянма, Россия, Франция, Италия, Тайланд, Япония, Маврикий, Сингапур, Оман, Ливия, Бахрейн, Кения, Австралия, Танзания, Кувейт жана Германияда да жашашат. Пенжаб жана хинди, лахнда, урду тилдеринде сүйлөшөт. Панжабдардын Индиядагы көпчүлүк бөлүгү – сикхилер (55% ке жакын) жана индустар, Пакистанда – мусулмандар (сүннөттөр). Б. з. ч. 2-миң жылдыкта Пенжаб облусуна басып кирген арий уруусунун жергиликтүү эл менен аралашып, этногенезге таасирин тийгизген. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Панжабдарда перс, грек, шак (сак) уруулары азайган. 8-кылымда арабдардын баскынчылык саясатынын негизинде ислам тараган. Панжабдар негизинен дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү