Панорамалоо
Панорамалоо, – панорамалуу кинокинофильмди тартуу ыкмасы жана аны чоң өлчөмдөгү (бир нече жүз м2) экранда көрсөтүү. Адатта кинофильм бир эле мезгилде 35 ммлүү үч кинотасмага тартылып алынып, ар бир тасмада объектинин үчтөн бир бөлүгү көрүнөт. Экрандын белгилүү бөлүгүнө өзүнчө кинопроектор менен чагылдырылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9