Панта – чаар бугу, марал жана кер маралдын ката элек мүйүзү. Кыска жана түктүү болот. Өңү саргыч, кызгылтым (карасы да бар). Пантанын курамында 20дан ашык амин кислоталары, 20дай микроэлемент, фосфолипид, стероид, холестерин ж. б. заттар болот. Чаар бугунун мүйүзү 48–55 күндө, маралдыкы 66–75 күндө толук жетилет. Пантадан борбордук нерв антаистемасынын активдүүлүгүн күчөтүүчү, күч-кубат берүүчү пантокрин дарысы жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү