Иван Панфилов
(«Панфилов, Иван Васильевич» барагынан багытталды)
Панфилов Иван Васильевич (1892, Саратов облусу, Петровск ш.–1941) – Советтер Союзунун Баатыры (1942)[1], генерал-майор (1940).
Бул макаланы «Иван Панфилов» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918–20) катышкан.
1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1938–41-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары.
1941-жылы июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316- аткычтар дивизиясынын командири. Октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (к. Жыйырма сегиз баатыр панфиловчулар). Согушта курман болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003
Айрым шилтемелер
түзөтүү- Панфилов дивизиясынын 70 жылдыгына арналган иш-чара(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 12 апреля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 24 апреля (№ 13 (172)). — С. 1.