Панфилов Иван Васильевич

Панфилов Иван Васильевич [20. 12. 1892 (1. 1.1893), Россия империясы, Саратов губерниясы, Петровск шаары – 19. 11. 1941, СССР, Москва облусу, Волоколамск району, Гуськов кыштагы] – советтик аскер начальниги, генерал-майор (1940), Советтер Союзунун Баатыры (өлгөндөн кийин, 12. 4. 1942). 1915-жылдан орус армиясында. 1-дүйнөлүк согушта ротанын командири. 1917-ж. полк комитетинин мүчөсү болгон. 1918-жылдан Кызыл Армияда. Жарандык согушта (1918-20) 25- аткычтар (Чапаев) дивизиясында согушкан. 1923-ж. Киевдеги бириккен аскер окуу жайын бүтүргөн соң, Түркстан аткычтар батальонуна командачылык кылган. 1938-41-ж. Кыргыз ССРинин аскер комиссары. 1941-ж. июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунда 316-аткычтар дивизиясынын командири. Анын дивизиясы Москваны коргоодо (1941, октябрь-ноябрь) эрдик көрсөткөн. И. Панфилов 19-ноябрда салгылашта курман болгон. Ленин, 2 Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө коюлган. Ысмы дивизияга, Орто Азияда көптөгөн мектептерге, Казакстанда шаарга, Москванын бир проспектисине жана көчөсүнө, Кыргызстанда районго, көчөлөргө, Бишкек шаарындагы паркка ыйгарылып, анын эстелиги орнотулган (скульптор О. М. Мануйлова).

Колдонулган адабияттар түзөтүү