Панфилов И. В. атындагы мелдеш

Панфилов И. В. атындагы мелдеш – грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш. 1962- жылдан Фрунзеде (кийин Бишкекте) жыл сайын, 1967-жылдан республиканын ачык биринчилиги, катары өткөрүлүп келген. Эгемендик мезгилде эл аралык мааниге ээ болду. Ага дүйнөнүн булун-бурчтарынан спортчулар катышып турат. Мелдешке кыргыз спортчулары А. Ажыматов, Д. Кыдырганов, К. Дүйшөмбиев, Р. Санатбаев, К. Бегалиев, Р. Түмөнбаев, Д. Көбөнов ж. б. активдүү катышкан жана жеңүүчүлөрдөн болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү