Панчен-лама (санскритче пандита — илимпоз, тибетче чен — улуу, лама) — Тибеттеги ламаисттик чиркөөнүн иерархиясынын Далай-ламадан кийинки экинчи наамы.

Панчен-лама институту 17-кылымдын ортосунан бери өкүм сүрүүдө. Панчен-лама болуп Лобсан Принлэлхунтруп Чхоки-гьэцэи (1938-ж. т.) эсептелет. Наамды 1949-ж. алган, 1951-жылдан кийин Тибет автономиялуу райондун бийлик органдарында чоң кызматтарды ээлеген. 1964-ж. куугунтукка алынган. Анын андан кийннки тагдыры белгисиз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.