Пан-Европа — континенттик Европадагы мамлекеттерди саясий-экономикалык жактан бириктирүү долбоору.

  • Биринчи жанa экинчи дүйнөлүк согуш аралыгында бул идеяны 1923-жылдан пан-европалык кыймыл, 1924-жылдан Венада чыгуучу «Пан-Европа» журналы тараткан долбоорду.
  • 1929-ж. Франциянын тышкы иштер министри А. Бриан сунуш кылган.
  • Ал СССР менен Улуу Британия кирбеген «Европа федера­ция союзун» түзүүнү карай, Европада Франция үстөмдүгүн орнотуу жана тышкы саясатта СССРди обочолонтуу максатын коздогон.
  • Советтик дипло­матия каршы чыгып, Германия, Улуу Британия, АКШ ж. б. мамлекеттер колдобогон соң француз долбоору (1931) ишке ашпаган.
  • Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939—1945) кийин Европадагы капиталисттик мамлекеттерди бириктирүү аракети аскердик-саясий жана экономикалык бир катар уюмдарды түзүүдөн байкалды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.