Папуа булуңу
Папуа булуңу (Papua) – Коралл (Шуру) денизиндеги булуң, Жаңы Гвинея аралынын түштүк-чыгыш жээгинде. Узундугу 150 км, туурасы кире беришинде 330 кмдей, эң терең жери 969 м; жээк бөлүгү тайыз. Жээги коралл (шуру) рифтери менен курчалган. Флай дарыясы куят. Порт-Морсби порту бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9