Параболоид (парабола жана грекче e'idos – көрүнүш) – борборго ээ болбогон туюк эмес экинчи тартиптеги бет. Параболоиддин эки түрү бар: эллипстик Параболоид жана гиперболалык Параболоид. Гиперболалык Параболоиддин мейкиндиктеги мүмкүн болгон бардык тегиздиктер менен кесилиш сызыктары гипербола, парабола жана түз сызык болот. Гиперболалык Параболоиддин ар бир чекити аркылуу эки түз сызыктуу түзүүчү өтөт, ошондуктан ал еызыктуу бетти элестетет. Эгерде тегиздик эллипстик Параболоид менен кесилишсе, анда кесилиш сызыкта эллипс же парабола болот. Берилген координата системаларында Параболоиддин теңдемелери төмөнкүдөй: х2/2р+у2/2q=z (эллипстик Параболоид). x2/2p-y2/2q=z (гиперболалык Параболоид), мында р>0, q> 0.

Колдонулган адабияттар түзөтүү