Параллелдүүлүк аксиомасы

Параллелдүүлүк аксиомасы – геометрияда параллелдүүлүк катыштары аныкталуучу аксиома; параллелдүүлүктүн далилдөөсүз кабыл алынган алгачкы абалы. Аны Евклиддин «Түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу ошол эле тегиздикте, аны менен кесилишпеген бир гана түз сызык жүргүзүүгө болот» деген бешинчи постулаты (он биринчи аксиомасы) негиздейт. Ал постулат параллелдүүлүк теориясынын жана геометрия курсунун алгачкы негизи жана төмөнкү түшүнүктөргө эквиваленттүү: 1) параллель түз сызыктар бири-биринен бирдей аралыкта турат; 2) бир тегиздикте жаткан эки түз сызык же түз сызык менен тегиздик же эки тегиздик жалпы чекитке ээ болбосо, анда алар параллель болушат; 3) дал келишкен түз сызыктар, дал келишкен тегиздиктер да параллель болушат; 4) тегиздикте жатпаган түз сызык тегиздиктеги түз сызыкка параллель болсо, анда ал түз сызык тегиздикке да параллель болот; 5) эки түз сызыкты үчүнчү түз сызык кесип өткөндө бир тараптуу бурчтарынын суммасы 180° болсо, анда ал түз сызыктар параллель болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү