Паранапанема
Паранапанема (исп. Paranapanema) – Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя, Парананын сол куймасы. Узундугу 800 кмдей алабынын аянты 99,6 миң км2. Бразилия бөксө тоосунун түштүк бөлүгү менен агат. Орточо чыгымы 900 м3/секдай. Чатынан 80 кмге чейин кеме жүрөт, суу сактагыч, ГЭС бар. Боюнан Пиражу шаары орун алган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9