Паратиф (пара... жана грекче typhos – селейүү), медицинада – кишинин сальмонеллалар чакыруучу катуу кармаган жугуштуу оорусу. Этиологиясы, эпидемиологиясы жана клиникалык белгилери ич келтеникине окшош. Анын А жана В, ошондой эле тамак-аштан уулангандай өтүүчү С түрү белгилүү. А жана В түрү оорулуу же бактерия алып жүрүүчү кишиден жугат. Козгогучту киши заарасы, заңы менен бөлүп чыгарат. Инфекция булганган суу, тамак-аш, чымын аркылуу жугат. Жашыруун мезгили 3 күндөн 2 жумага чейин. Паратиф ич келтеге караганда катуу башталып, салыштырмалуу женил өтөт жана кыска мөөнөт ооруйт. Негизги белгилери: чыйрыгат, куску келип кусат, башы ооруйт, дене температурасы 39°Сге чейин көтөрүлөт, кээде ичи өтөт. Диагнозу лабор. изилдөөдөн аныкталат. Алдын алуу жана дарылоосу ич келтеникиндей. Паратиф ветеринарияда – сальмонеллалар уруусундагы микроорганизмдер пайда кылуучу ичеги инфекциясы чакырган ылаңдар тобу. Бардык континенттерде кенири таралган. Төлдөөгө жакын калганда мал Паратиф менен ыландаса, кой козу, жылкы кулун, уй музоо салат. Малдын түрүнө жараша Паратифтин өзгөчөлүктөрү бар. Паратиф менен көбүнчө жазга маал торолуп калган музоо, козу, кулун, торопой, балапандар ыландайт. Уй Паратифинин букма мезгили 2–9 күн, чочконуку 4–12, жылкыныкы 2–3 жума. Ылаңдаган малдын денеси ысыйт (41–42°Сге чейин), муундары шишип, тоютка табити тартпайт, калтырайт, аксайт, чычкактайт. Дарылоодо антибиотиктер (террамицин, стрептомицин, синтомицин, левомицин), ошондой эле фуразолидон колдонулат. Күрөшүүдө ылаң малды өзүнчө бөлүү, короо-сарайларды дезинфекциялоо ж. б. сунушталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү