Парашют спорту – авиация спортунун түрү. Буга самолёт, вертолёт, планёр ж. б. учуучу аппараттардан топтолуп же жалгыздап, белгиленген жерге секирип түшүү, акробатикалык көнүгүүлөрдү жасап секирүү, парашютту узакка ачпай секирүү ж. б. кирет. СССРде 1930- жылдан, Кыргызстанда 1935-жылдан өнүгө баштаган. 1938-жылы туулган Бегелдинов 1-жолу парашют менен секирген. 1951-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. 1966-ж. Парашют спорту федерациясы түзүлгөн. Кыргыз кыздарынан К. Токтогулова парашют менен 2000ден ашуун секирип, СССР спорт чебери наамын алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү