Парваначы
ПАРВАНАЧЫ – Кокон хандыгындагы жогорку титулдардын бири. Мамлекет башчысынын буйругу менен ыйгарылган. Ханга мамлекетти башкарууга жардам берген бийлик башындагы экинчи адам болуп эсептелинген. Кызматка дайындалганда ушул мамл. бийлик өкүлүн айырмалаган белги болуп саналган жарлык жана жеке мөөр тапшырылган. Парваначы хандык кеңештин мүчөсү болгон. Өз ээликтеринен түшкөн кирешеден тышкары, ал мамлекеттик кызматкер катары акы алган. Бийлиги анын хан сарайындагы жеке таасирине жараша болгон. Шахмураддын тушунда Алайдын башкаруучусу Алымбек датка башкы вазир болгон жана Парваначы титулун алган. 1877-жылы Ташкенде хандын өкүлү Азизбек парваначынын бийликти ашкере пайдаланганына каршы көтөрүлүш чыккан.
Адабият
түзөтүүКыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.