Париж тынчтык конференциясы (1946)

Париж тынчтык конференциясы (1946)Экинчи дүйнөлүк согушта женишке жеткен Гитлерге каршы коалициядагы мамлекеттер менен фашисттик Германиянын Европадагы союздаштарынын ортосунда түзүлчү тынчтык келишимдердин долбоорун кароо үчүн чакырылган эл аралык конференция. 1946-ж. 29-июлдан Париж тынчтык конференциясы 15-октябрга чейин Парижде өткөн. Париж тынчтык конференциясында каралчу маселеге кызыккан мамлекеттерден өкүлдөр катышкан. Конференциянын жүрүшүндө бардык элдердин улуттук көз карандысыздыгын жактаган советтик делегация менен Германиянын мурдагы шериктештеринин ички иштерине кийлигишүүгө аракеттенген батыштагы мамлекеттердин (айрыкча АКШ жана Улуу Британия) делегациялары ортосунда пикир келишпестиктер болгон. Советтик делегациянын бекем позициясынан гана конференция тышкы иштер министрлеринин кеңешинде (ТИМК) макулдашылган сунуштардын көпчүлүгүн кубаттаган. Бирок Батыш державалары өздөрүнүн кээ бир сунуштарын («Дунайды интернационалдаштыруу» жөнүндө ж. б.) кийирген. Конференцияда чечилбеген маселелер (Италия менен репарация, грек-болгар чек аралары ж. б. жөнүндө) ТИМКнын Нью-Йорк сессиясында (1946, ноябрь-декабрь) каралган келишимдин долбоору даярдалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү