Парламенттик текшерүү
Парламенттик текшерүү – парламенттин контролдоо бийлигин жүзөгө ашыруу ыкмаларынын бири. Парламенттик текшерүү парламентке баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын мыйзамсыз ишаракетине карата саясий мүнөздөгү укук бузууларга жана кагылыштарга карата жүргүзүлүп, парламенттин комиссиялары аркылуу ишке ашырылат. Жогорку кызмат адамдарына каршы импичмент жол-жобосун, башка чараларды көрүүгө негиз берет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9