Пароль (французча parole – сөз) – адамдын ким экендигин жана анын ыйгарым укуктарын аныктоо үчүн белгиленген жашыруун сөз же атайын терилген символдор. Көп учурда мамлекет тарабынан коргоого алынган маалыматтарды жашыруун сактоо үчүн аскердик (өзгөчө кайтарууга алынган маанилүү объектилерде), тышкы саясий, экономикалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө жаатында колдонулат. ЭЭМдин (компьютер ж. б.) колдонуучулары электрондук почтасын ж. б. маалыматтарды жашыруун сактоо максатында да пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү