Партиялык система коомдогу түрдүү социалдык катмар же таптардын кызыкчылыгын (мүдөөсүн) коргоо үчүн түзүлгөн саясий партиялардын жыйындысы жана алардын ич ара мамилеси. Партиялык системанын критерийи сан же сапаты боюнча бааланып, анын ишмердүүлүгү бир (моно), эки жана көп партиялык система аркылуу ишке ашат. Бир Партиялык системада мамлекеттик бийлик жалгыз партиянын колунда калып, мындай системанын жакшы жагы – бардык социалдык топтордун мүдөөсүн тегиз кароого, материалдык байлыктарды тең бөлүштүрүүгө аракет жасалат. Терс жагы – ал тоталитардык же авторитардык режимге жол ачып, оппозициянын болбошу, бийликте турган партиянын бюрократташы жана алдыга өнүгүүнүн солгундашына шарт түзөт. Анын классикалык үлгүсү Советтер Союзу болуп саналат. Эки Партиялык системанын өзгөчөлүгү бир нече партиянын ичинен экөө гана таасирдүү болуп, шайлоодо жеңишке жеткен тарап көбүрөөк депутаттык мандатка ээ болгондуктан, өкмөттүн стабилдүү иштешине шарт түзүлөт. Мындай системанын терс жагы – оппозициядагы партиянын бийликке келиши менен саясий курс алмашылат. Буга Улуу Британия менен АКШдагы Партиялык система мисал болот. Социалдык мүдөөнүн көп кырдуу болушу көп Партиялык системанын жаралышына шарт түзөт, башкача айтканда ар кандай социалдык катмарлар тигил же бул партияны колдогондуктан, маанилүү ролду эки же андан көп партия ойнойт. Мындай системада бир партия ар дайым көпчүлүк добушка ээ боло албагандыктан, өз ишмердүүлүгүн ынтымак, келишүү же компромисс аркылуу ишке ашырат. Мисалы, 2010-ж. 27-июндагы референдум жолу менен КРдин Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Партиялык системанын мындай түрүн КР да колдонуп, 2011-ж. Жогорку Кеңешке шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон «Ата-Журт» бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстандын социал-демократтар партиясы (КСДП) менен коалиция түзгөн. Мындай системанын классикалык үлгүсүн Италия (14 партия), Голландия (12) жана башка аркылуу көрүүгө болот.