Парус спорту – суу спортунун бир түрү; жел кайыктар, анын ичинде крейсер яхталары менен жарышуу (ар кандай аралыктарга белгиленген маршрут боюнча). Парус спортунда яхталар конструкциясы боюнча спорттук класстарга (швертборт, килдүү, катамаран ж. б.) бөлүнөт. Жеңүүчү бир нече жарыштардын жыйынтыктары боюнча аныкталат. 18-кылымда Англияда пайда болгон. 1907-ж. Парус спорту боюнча Эл аралык союз түзүлгөн. 1908-ж. олимпиялык оюндардын программасына киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү