Пасаңова Зинакан – жазуучу. Алай районунун Мурдаш айылында 1956-жылы 11-январда туулган. 1978-жылы CCCдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, айылындагы «Мурдаш» орто мектебинде мугалим болуп иштеген.

1979–1981-жж. Алай райондук «Күжүрмөн эмгек» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, 1981–1991-жж. эл депутаттарынын Ош облустук Аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүндө кызматкер, 1991–1997-жж. шаардык «Ош шамы» гезитинде кабарчы, редактордун орун басары, 1997-жылдан республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинде өз кабарчы болуп иштеген. 2004-2014-жылдары «Aкиpress-Ош» маалымат-аналитикалык агенттигинде редактор болуп эмгектенген.

1971-жылы анын «Эрте жаздын байчечекейлери» деген аңгемеси «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган. Андан кийин аңгеме жана башка прозалык чыгарма-лары түрдүү гезиттерде, журнал, альманахтарда жарык көргөн.

«Жамгыр тоодон башталат» аттуу китеби 2002-жылы Ош облустук администрациясынын Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыгына татыган.

"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын (2020-ж.), Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Жусуп Баласагын атындагы медалын (2019), «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери» (2008), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгилерин алган жана Ош обладминистрациясынын «Алтын калем» сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты.

Эл аралык Ага Хан фондунун, ЮСАИДдин жана БУУнун аялдар фондунун сынактарынын жеңүүчүсү.

1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Маданият тармагынын мыкты кызматкери.(2020)

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Аял сыры: Аңгемелер. – Ош, 1997. – 90 б.

Жамгыр тоодон башталат: ырлар – Ош, 2001. – 60 б.

Кут түшкөн түндөр: Повест, аңгемелер. – 2006. – 228 б.

5 жыл: Балдар үчүн аңгемелер. – 2007. – 58 б.

Академик Текенов: Даректүү баян. – 2008. – 125 б.

Сыркеч жамгыр: Ырлар. – 2009.

"Арыба, Жүрөк": ырлар. - 2014. - 181 б.

"Дос" аңгемелер. - 2016. - 115 б.

"Томаяк издеген бакыт": аңгеме, новелла, эссе. - 2020. - 359 б.




Колдонулган адабияттар түзөтүү