Пассаттар (испанча viento de pasada – көчүүгө ыңгайлуу шарт түзгөн шамал) – тропик жана экватор алкактарында (түндүк жана түштүк кеңдиктердин 25–30°нан дээрлик экваторго чейин) жыл бою согуп туруучу шамалдар. Түндүк жарым шарда түндүк- чыгышка, Түштүк жарым шарда түштүк-чыгышка багытталат. Пассаттар материктерге караганда океан үстүндө туруктуу келет. Бирок, Инди океанында өзгөрүп, муссонго айланат. Пассаттар атмосферанынын циркуляциясынын жалпы системасында маанилүү орунду ээлейт. Алар экватордо күн нурунан кескин жылынган аба массасынын төмөнкү бөлүгү жогору көтөрүлүп, уюлдарды карай агылуусунан пайда болот. Кариолис күчүнүн таасиринен бул аба агымдары Түндүк жарым шарда онго, Түштүк жарым шарда солго оошуп барат да, экватордо бири-бирине жакындап, тропиктик конвергенция зонасында (абасында салкын жел, булуттуулук жана нымдуулук мүнөздүү болгон ичке тилке) басандайт. Көтөрүлгөн абанын орду мелүүн алкактардан келген муздак аба массалары менен толукталат. Пассаттардын ылдамдыгы 5–6 м/сек, кээде 15 м/секга чейин жетип, бир нече км (экватордо 15–16 кмге чейинки) аба катмарын камтыйт. Атмосферанынын 1–2 км бийиктигинде пайда болгон инверсия зонасы (бийиктеген сайын температуранын өзгөрүшү) булуттуулуктун калыптанышына тоскоол болуп, кургакчыл (тоолуу жээктерден башка) аба ырайынын калыптанышын шарттайт. Пассаттар океанда чыгыштан батышты карай аккан пассат агымдарын, кургактыкта тропик чөлүн пайда кылат Пассаттардын туруктуулугу жана ылдамдыгы байыркы дениз сүзүүчүлөрүнүн жаңы жерлерди ачуусуна чоң өбөлгө түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү