Пастерлөө — азыктын физика-химиялык касиетин бир аз өзгөртүү жана аш болумдуулугун, даамын жана башка сапатын сактоо менен органикалык суюктуктарды ысытып зыянсыздандыруу.
Бул ыкманы франциялык бактериолог Луи Пастер сунуш кылган.

Луи Пастер.

Колдонуусу түзөтүү

Пастерлөө көбүнчө ысыкта сактоого болбогон же анын таасиринен аш болумдуулугу жана даамы бузулуучу азыктарды — сүттү, каймакты, мөмө-жемиш ширелерин, желе, маринаддар, соустар, кыям, вино, пиво жана башка зыянсыздандыруу үчүн колдонулат. Пастерленген сүттү көпкө сактоого болбойт,(Үй шартында консервалоо макалсын караңыз).