Пасько Евдокия Борисовна
Пасько Евдокия Борисовна (1919-ж. т., Жети-Өгүз району, Липенка айлы) — гвардиянын ст. лейтенанты. Советтик Союз Баатыры (26.10.1944). Физика-математика илимдеринин доктору, профессор (1959).
Евдокия Борисовна Пасько | |
Туулган датасы: |
30 декабрь 1919 |
---|---|
Туулган жери: |
Жети-Өгүз району, Липенка айлы |
Жарандыгы: | |
Өлгөн датасы: |
30 январь 2017 |
Өлгөн жери: | |
Сыйлыктары: |
Советтик Союз Баатыры |
1942-ж. майдан фронтто, 46-гвардиялык түнкү авиациялык бомбалоочу аялдар полкунун (2-Белорус фронту, 4-аба армиясы, 325-түнкү авиациялык дивизия) эскадрилья штурманы. 780 согуштук учуш жасап, душмандын согуш объектилерин, техникасын жана аскерлерин жок кылган.
1945-жылдан отставкага чыккан. Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайында сабак берген. Москвада жашайт.
Ленин, Кызыл Туу, эки 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.