Патронимия (грекче pater – ат жана onyma – ата ысымдын ата боюнча аталышы) – 1) ономастикада аталышы жалпы атадан тараган туугандыкты көрсөткөн же аймактык биримдикти белгилөө үчүн кызмат кылган термин; 2) этнографияда эсинде бар бабадан, эпонимден (бүт топко өз атын берген) тараганбыз деп эеептеген салыштырмалуу жакын туугандардын тобун атоо үчүн колдонулган туугандык, үй-бүлөлүк топ термининин синоними. Ал туугандык аял тарап боюнча эсептелчү матронимиядан айырмаланат. Патронимия (сейрек учурда матронимия) алгачкы жамааттык түзүлүштүн бузулуу процессинде пайда болгон. Көпчүлүк элде өз мүчөлөрүн жалпы менчиктин калдыктары, өз ара жардам, өз ара коргонуу, экзогамия же эндогамия нормалары аркылуу бириктирип сакталып турат. Патронимия жана матронимия терминдери кээде патрилиниж, матрилиниж терминдери менен да дал келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү