Паустовский Константин Георгиевич

Паустовский Константин Георгиевич [9(31). 5. 1892, Россия империясы, Москва шаары – 14. 7. 1968, СССР, ошол эле шаар; сөөгү Калуга облусундагы Таруса шаарына коюлган] – орус совет жазуучусу, лирикалык прозанын чебери. 1912-ж. «Сууда» деген туңгуч аңгемеси жарык көргөн. 1925-29-жылдардын аралыгында «Деңиз шилтемдери», «Минетоза», «Кайчылаш жүргөн кемелер» аттуу аңгемелерин жазган. Чыгармаларында негизинен жаратылышты сүрөттөйт. Ал «Кара-Богаз» (1932) повести менен таанымал болгон. «Колхида» (1934), «Кара деңиз» (1936), «Түндүк повести» (1938), «Мещера жери» (1939), «Шарль Лонсевилдин тагдыры» (1933), «Исаак Левитан» (1937), «Тарас Шевченко» (1939) деген тарыхый биографиялык повесттерди, «Поручик Лермонтов» (1941), «Биздин замандаш» (1949) деген пьесаларды жазган. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган [«Өзөндөрдүн ташкыны», которгон Б. Карабаев, С. Молдокулов (1971); «Мещеражери», которгон К. Өгөбаев (1967); «Тандалмалар», которгон С. Молдокулов (1980) ж. б.]. Ленин ордендери, 2 Кызыл Жылдыз жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү