Пафос
Пафос (грекче pathos – кайгы, кумар, таасирленүү, шыктануу) – 1) антикалык эстетикада кыйналуу менен байланышкан кайгы; кумар. Адатта Пафос этоско карама-каршы коюлган. Аристотелдин «Поэтикасы» боюнча трагедиянын зарыл элементи, «өлүмгө же кейишке дуушар кылуучу аракет»; 2) көркөм чыгарманын же бүтүндөй чыгармачылыктын идеялык-эмоциялык абалынын багыты. Пафос – автордун жекече сезимдери, объектинин күчтүү толкундашы (мисалы, А. Осмоновдун «Ата журт» аттуу ырынын Пафосу – тууган жерге, мекенге болгон сүйүү, өзүн ошол эл-жердин кулуну катары кызмат кылууга даяр экенин көрсөтүү).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9