Пахтачылык – дыйканчылыктын гозо эгип, пахта сырьёсун даярдоочу тармагы. Пахтачылык палеолит доорунан (б. з. ч. 15–30 миң жыл илгери) бери белгилүү. Пахта адегенде Индия менен Кытайда пайда болуп, андан Египетке, кийинчерээк Закавказьеге (б. з. 3-кылымында), Орто Азияга (б. з. 5-кылымында ) таралган. КМШ өлкөлөрүндө Орто Азия республикаларында (анын ичинде Кыргызстанда), Казакстандын түштүгү жана Азербайжанда эгилет. Пахта өстүрүү технологиясы которуштуруп эгүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Пахта менен бедени жана пахта менен күн караманы алмаштырып эгүү кеңири таралган. Жер семирткич чачуу, андагы заттардын айкалышы пахта эгилүүчү аймактагы топурактын курамына, аба ырайына, пахтанын сорту менен түшүмдүүлүгүнө жараша болот. 1 г пахта сырьёсун алуу үчүн топурактын курамында орточо 50–60 кг азот жана калий кычкылы, 12–20 кг фосфор ангидриди болуш керек; ичке булалуусу үчүн бул жер семирткичтер 20–25%ке көбүрөөк талап кылынат. Пахта топурактын туруктуу температурасы 12–14°Сге жеткенде, 10 күндүн ичинде эгилет. Пахтага курт-кумурскалардын 200дөн, отоо чөптөрдүн 70тен ашык түрү зыян келтирет. Пахта түшүмү дефолиация же десикация жүргүзүлгөндөн кийин жыйналат. Пахтачылыктын теориялык негизин өсүмдүк анатомиясы, морфологиясы, физиологиясы, генетика, систематика, ботан. илимдер түзөт. Пахта жөнүндөгү алгачкы эмгек 16-кылымда пайда болгон. 18-кылымда К. Линней пахтанын 4 түрүнө (африкаазия, перу, инди-кытай жана мексика пахталарына) илимий мүнөздөмө берген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү