Пацифизм (латынча pacificus – бейпилкеч, тынчтыкчыл) – согуштун моралга жат мүнөзүн айыптоо аны болтурбоонун башкы каражаты дегендердин кыймылы. Пацифисттер согуштун бардык түрүн, атүгүл боштондук үчүн согушту да айыптайт. Алар согуш чыгарган социалдык-экономикалык жана саясий шарттарды четтетпей туруп эле ишендирүү, тынч өтүнүч жолу менен согуш чыгарбай коюуга болот дешет. Алгачкы Пацифизм уюмдары Наполеон согуштарынан кийин Улуу Британия менен АКШда пайда болгон. Көптөгөн пацифисттер, айрым пацифисттик уюмдар Тынчтыкты жактоочулар кыймылына кошулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү