Педагогикалык жамаатбилим берүү мекемесинин жалпы эмгек жамааты. Педагогикалык жамаатын курамына мугалимдер, тарбиячылар, мектеп директору, анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, мектеп дарыгери жана психологу кирет. Педагогикалык жамаатын ишмердиги жамаатын мүчөлөрүнүн педагогикалык көз караштарынын, иш аракеттеринин биримдигине, окуучу баланын билим-тарбиясына карата жалпы педагогикалык талаптын коюлушуна көз каранды. Бул туурасында А. С. Макаренко мындай дейт: «... Бир да тарбиячы өз бетинче аракеттенүүгө акысы жок. Эң алдын тарбиячылар жамааты болушу керек. А эгер тарбиячылар арасында биримдик жок болсо, жамаатын бирдиктүү иш планы, бирдиктүү үнү, баланын окуу тарбиясына карата бирдиктүү талабы жок болсо, анда ал жерде эч бир тарбиялык процесстин жүрүшү мүмкүн эмес». Педагогикалык жамаатын ишмердиги мектеп директору тарабынан нукка салынып, жетектелет. Мектеп директору педагогикалык жамаатын иштиктүү чыгармачыл эмгектин, изденүүнүн, жагымдуу эмоционалдык кырдаалдын жаралышына жооптуу. Мектеп директору педагогикалык жамаатын мүчөсү жана анын алдында жооп берет. Педагогикалык жамаатын жогорку органы - педагогикалык кеңеш. Мында жамаатык негизде билим берүү мекемесинин эң маанилүү маселелери каралат. Педагогикалык жамаат өз ишмердигин окуучулар жамааты менен тыгыз байланышта жүргүзөт жана өз ишинде ата-энелер комитетинин, коомчулуктун иштиктүү жардамына таянат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,