Педагогикалык окуу – педагогдордун, педагогикалык илимдин жана агартуу ишмерлеринин, коомдук өкүлдөрдүн педагогикалык алдынкы тажрыйбаларын жыйынтыктоо жана жайылтуу максатында мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү кеңешмеси. П. о. адегенде берилген тематика боюнча мектепте, кийин райондук, облустук, шаардык, респ. педагогикалык мекемелерде жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыккандан кийин кезеги менен эки жылда бир жолу жалпы Кыргызстан боюнча Бишкек шаарында Кыргыз Билим берүү академиясы (КББА) тарабынан өткөрүлөт. Анда кабыл алынган ой-пикирлер, сунуштар жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жөнөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү