Пейзаж (французча paysage) - кайсы бир жердин көрүнүшү, сүрөтү; живопись менен графиканын негизги предмети - жаратылышты чагылдыруу. Шаар көрүнүштөрү же архитектуралык комплекстер (архитектуралык Пейзаж), деңиз көрүнүштөрү (марина) тартылган сүрөттөр да Пейзаж болот. Пейзаж рельефтин, кээде башка жанрлардын фону катары да кызмат кылат. Пейзаждын алгачкы үлгүлөрү неолит доорунда пайда болгон. Байыркы Чыгыш (Египет) маданиятында согуш, анчылык, балык уулоо тууралуу сүрөттөрдө жаратылыш көрүнүштөрүнө да маани берилген. Ортонку жана Жаны падыша доору менен Крит искусствосундагы (б. з. ч. 16–15-кылымдар) рельефтер менен жазууларда пейзаждык ыкма кеңири колдонулган. Пейзаж Кытайда б. з. 6-кылымда, Японияда 12-13-кылымдарда, Европада Кайра жаралуу доорунда калыптанган. 19–20-кылымдардагы М. К. Клодт, И. И. Шишкин, И. И. Левитандын чыгармалары П. жанрынын мыкты үлгүлөрү болуп саналат. В. Н. Бакшеев, И. Э. Грабарь, Н. П. Крымов, A. В. Куприн, С. А. Чуйков, А. Гудайтис ж. б. советтик сүрөтчүлөр Пейзаж искусствосунун реалисттик салттарын өнүктүрүп, өз чыгармаларында ата журт жаратылышынын сулуулугун совет элинин ишмердиги менен айкалыштырып чагылдырган. Кыргызстанда Пейзаж жанры совет доорунда пайда болуп, Г. Айтиев, С. Акылбеков, К. Керимбеков өңдүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынан кеңири орун алган. Пейзаж – адабий көркөм чыгармада табият көрүнүшүн сүрөттөп, чыгарманын мазмунун, каармандардын түрдүү кырдаалдардагы психологиялык абалын ачып берүүгө багытталат. Лирикалык Пейзажда каармандын көңүл маанайынын абалы көрсөтүлөт. Айрым Пейзажда автордун туулуп-өскөн жерине болгон сүйүүсү берилет. Мындай Пейзаждык сүрөттөөлөр Ж. Турусбековдун, Ж. Бөкөнбаевдин, А. Осмоновдун, Ч. Айтматовдун ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларында кездешет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү