Пейзаждык лирика– лирикалык каармандардын жаратылыш көрүнүштөрү, жыл мезгилдери, табияттын көркү жөнүндөгү ой жүгүртүүсү. Кыргыз адабиятында А. Токомбаевдин “Ай нурунда кышкы түн”, А. Осмоновдун “Кыргыз тоолору”, Ж. Бөкөнбаевдин “Жайдын кечи” сыяктуу пейзаждык лириканын толуп жаткан мыкты үлгүлөрү бар.

Көк асман даңгыр жолго окшойт,

Сур булут чыккан чаңга окшойт.

Үңкүргө дайра киргендей,

Уюлгуп шамал, жел боздойт...

Ийрилип аккан чоң өзөн,

Ийнеде учук жипке окшойт.

Чытырман токой, калың бак,

Чырымтал бетте түккө окшойт.

Көк тиреп турган катар тоо

Көшүлүп чөккөн нарга окшойт.

Суналган чөлдө чалкар көл

Сулууга бүткөн калга окшойт. (Ж. Бөкөнбаев)

Мында акын самолёт менен учуп бара жаткандагы жердин көрүнүшүнүн сүрөтүн сөз менен тартат. Пейзаждык лирика акындан көрөгөчтүктү, тил байлыгынын кеңдигин талап кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [Категория: Жазуучулар]]