Пек (англ. pесk) — кара майды, таш көмүр чайырын ж. у. с. буулантып айдоодон алынган катуу же илээшкек коюу масса; баштапкы сырьёсуна жараша П. таш көмүр, чымкөң, жыгач ж. у. с. түрлөрү бар. Таш көмүр П. кара түстөгү катуу продукт. Бир дагы эриткичте толук эрибейт, термопластикалуу. Негизги компоненттери: көп ядролуу конденсацияланган ароматтык жана гетероциклдүү бирикмелер, аларды полимерлештирүү жана поликонденсациялоо продуктулары. Орточо темп-радагысы (tжумш 65-75°С) таш көмүр чайырын дистилляциялоодо, жогорку темп-радагысы (tжумш 135-150°С) орточо темп-радагысын термиттик кайра иштетүүдө алынат. Графит буюмдарын, көмүр-графит блоктор, отко чыдамдуу чайыр-доломит буюмдарын, П. коксун алууда коддонулат. Терини дүүлүктүрөт. Чымкөң П. курамында асфальтендер, карбоиддер, восктор, парафиндер, ири мол. мол-луу фенолдор жана углеводороддор бар. Жыгач П. жыгач чайырын буулантып айдоодо пайда болгон калдык. Буулантып айдоо жана чайыр майларынын түрүнө жараша алынган кара түстөгү катуу же илээшкек коюу продукт, сууда эрибейт, негизинен органикалык  эриткичтерде эрийт, щелочтуу эриткнчтерде эмульсияларды пайда кылат. Орг. бирикмелер татаал аралашмасы. Негизги компоненти химимялык  жаратылышы боюнча фенол-формальдегид чайырларына окшош жогорку молекулалуу фенол к-талары. Жол курулушуна, толь жана рубероид жасоодо, металл конструкциялары үчүн лактарды даярдоодо жана башкалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү